super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкектин 2050-жылга чейинки өнүгүүсүнүн башкы планын талкуулаган кеңешме өттү

 

Бүгүн, 16-декабрда Бишкектеги Ынтымак Ордодо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев борбор калаанын 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө 2024-жылдагы административдик-аймактык реформанын натыйжасында шаардын аймагы 25 707,3 гектарга көбөйүп, учурда 41 032,67 гектарды түзөрү белгиленген. Калктын саны 132 миң 380 адамга көбөйүп, 1,3 миллионго жакын адамга жеткен.

Анда бүгүнкү күндө Бишкек шаары көчө-жол тармагынын ашыкча жүктөлүшү жана транспорт тыгындары, жашылдандыруу жана эс алуу аймактарынын жетишсиздиги, инженердик-коммуналдык инфраструктуранын эскириши, ошондой эле шаар куруунун баш аламан учурлары сыяктуу бир катар системалык көйгөйлөргө туш болуп жатканы айтылган. Бул шаардык чөйрөнүн сапатына жана шаар тургундарынын жашоо шартына терс таасирин тийгизүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев башкы пландын долбоору 2025-жылдын октябрь айында коомдук талкууга коюлганын билдирген. Бул аралыкта 300дөн ашык сын-пикирлер жана сунуштар келип түштү, алар документти андан ары иштеп чыгууда кылдаттык менен каралып, эске алынат.

Башкы пландын долбоорун иштеп чыккан Санкт-Петербург шаарынын Перспективалуу шаар куруу илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү шаардын учурдагы абалына, демографиялык тенденцияларына жана борбор калаанын 2050-жылга чейинки өнүгүүсүнүн негизги багыттарына, анын ичинде транспорттук, социалдык жана инженердик инфраструктура маселелерине талдоо жүргүзүлгөн презентацияны тартуулашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: