Нарында көмүрдү кымбат сатууга аракет кылгандар кармалышты
Нарын шаарында көмүрдү кымбат сатып жаткандар кармалып, ага жол бергендерге тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалым болгондой, 8-декабрда жалпы 108 тонна көмүр жүктөлгөн 6 жеке жүк ташуучу унаа аныкталган. Алардын ээлери тоннасын 6000 сомдон сатууну пландашкан.
Кармалгандар көмүрдү Кара-Кече кенинен Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагынан берилген ишеним каттын негизинде жүктөп чыгышкан. Алар жүктү аталган райондун аймагында жайгашкан отун базаларына түшүрүүгө тийиш болушкан. Бирок алар талапты аткарышпастан Нарын шаарына алып келип сатуу аракетин көрүшкөн.
Атайын кызмат мыйзам бузууга жол берген күнөөлүү адамдар жазаланганын белгиледи. Тагыраагы, Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысына "катуу сөгүш" берилсе, Ак-Талаа районунун акиминин орун басарына "эскертүү" берилген. Ал эми көмүр жүктөөгө ишеним кат берген аталган айыл өкмөтүнүн адиси кызматынан бошотулган.
Нарында көмүрдү кымбат сатууга аракет кылгандар кармалышты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















