Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен ишкер кармалды
Маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун системдүү түрдө каржылоого катышкан деген шек менен С.К.К. аттуу ишкер кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
"Шектүү мурдагы мыйзамдагы ууру Камчы Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана Ош шаарынын жана Ош облусунун калкынын арасында колдоого ээ болуу, өзүнүн таасирин күчөтүү максатында К. Асанбек менен К.Досоновду ай сайын белгилүү бир суммадагы акча которуу менен системдүү түрдө каржылап турган.
Алардын колдоосу менен шектүү күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстанга аткезчилик жол менен алып өтүүнүн туруктуу схемасын түзгөн",- деп айтылат расмий билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Асанбек менен Досоновдун колдоосу менен С.К.К. өзүнө жакпаган адамдарга физикалык таасир этүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн "кызматтарына" кайрылган.
Ишкер кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
УКМК уюшкан кылмыштуу топторду системалуу түрдө каржылаган деген шек менен ишкерди кармады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















