super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ашуулардагы абал: Төө-Ашууда чектөө алынды, Ала-Белде күчүндө

 

Бүгүн, 17-декабрь саат 10:00гө карата өлкөнүн бардык ашууларында унаа кыймылы үчүн жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда (Сосновка постунан) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынган. Азыркы тапта №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда Ала-Бел ашуусунда аба ырайынын начарлашына байланыштуу бороон болуп, оор жүк ташуучу унааларга карата киргизилген чектөө күчүндө калууда. Бул боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөнүн жети дубанынын жолдорунда Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: