Президент "Акылман" мектептери жети облуста куруларын айтты (видео)
Өлкөнүн жети облустунда алдыңкы жылдары "Акылман" мектептери курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Мамлекет башчынын айтымында, акылман лицейлерин ачуунун негизги максаты - өлкөдөгү кадр маселесин чечүү.
"Чолпон-Атада 2023-жылы "Акылман" лицейин ачтык. Бул өзгөчө мектеп. Мектепке таланттуу балдарды тандап алып, алардын илимий чыгармачылык дараметин өнүктүрүп, өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардан билим алуусун камсыз кылуу менен кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу максатында окутуп жатабыз. Алар жогорку окуу жайларды бүтүп келгенде, милдеттүү түрдө мамлекеттик кызматтарга кабыл алынат. Мамлекеттик казынадан миллиарддаган каражаттарды коротуп аларды окутуп жатабыз.
Учурда Чолпон-Атада өлкөдөн тандалып келген 260 бала окуп жатат. Буюрса жети облуста тең акылман мектептер ачылат. Азыр Таласта, Жалал-Абадда акылман лицейлери курулууда. Алдыдагы жылдарда калган облустарда курулат. Ал мектептерде 300дөн ашык окуучулар билим алат",- дейт Жапаров.
Президент акылман мектептери жети облуста куруларын айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















