Президент: "Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы өзгөчө парламент болуп калды"
Бул чакырылыш жаңы мыйзам жана жаңы эрежелер менен түздөн-түз элдин тандоосунан өткөн өзгөчө парламент болду деп президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-декабрдагы жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө депутаттарды калың элдин тандоосунан өткөнү үчүн куттуктап, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылам деп ант берип, ишмердүүлүккө киришкенин белгиледи.
"Эң алды менен калың элдин элегинен өтүп, Жогорку Кеңешке шайланып, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылам деп ант берип, эл өкүлүнүн ишмердигине киришип жатышыңар менен чын дилимден куттуктаймын! Берген антыңарга бекем турушуңарды тилеймин. Эл үчүн, мамлекет үчүн чын ниеттен иштеп бересиздер деп терең ишенемин.
Бүгүн мен сиздердин алдыныздарга келип, сөз сүйлөп жаткан себебим, биринчиден, бул парламент жаңы мыйзам, жаңы эрежелер менен түздөн-түз элдин элегинен өтүп келген өзгөчө парламентсиңер. Экинчиден, сиздерди ант берүүңүздөр менен куттуктап, алдыда кандай кызматташууга барабыз, мына ушуларга азыноолак токтоло кетүүнү эп көрдүм",- деди президент.
Мындан тышкары, парламенттин тарыхына да токтолуп өттү.
Эске салсак, бүгүн, 17-декарбда Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары ант берип, ишке киришти. Ал эми кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн болчу.
Президент: "Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы өзгөчө парламент болуп калды"
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















