super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Президент депутаттарды "жыйынга министр өзү келсин" дей бербөөгө чакырды

 

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берип, ишин баштады. Жыйында сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров депутаттарга кайрылып, парламенттин жыйындарына ар дайым эле "министрлер өзү келсин" деген талапты коюп, чакыра бербөөнү өтүндү.

"Комитет, фракция жыйындарына ар дайым эле "министрлер өзү келсин" деген талапты коюп, чакыра бербешиңиздерди өтүнөм. Албетте, айрым учурларда министрлер өздөрү келиши керек болгон мыйзам долбоорлору болот. Бирок башка учурларда алардын орун басарлары менен иштешсеңиздер",- деди президент.

Жапаров ошондой эле министрлер керек болсо 24 саат бою, айрым учурда түнү дагы иштей турган убактары болорун айтты.

"Күндүз зарыл учурларда чакырып калсам, "Жогорку Кеңештемин", "комитеттин же фракциянын жыйынындамын" деп күндө эле ушул жерде жүрүшөт. Министр деген - министрликтин ишин алдыга жылдырыш керек",- деп кошумчалады өлкө башчысы.






Президент депутаттарга кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: