Садыр Жапаров: "Аймактардан келген депутаттарга ипотекалык батирлер берилет"

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде аймактардан келген эл өкүлдөрүнө ипотекалык батирлер берилерин билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, депутаттардын иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
“Биз депутаттардын ишмердиги натыйжалуу болушу үчүн имаратты толук жаңылап, оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Депутаттардын эски унааларын сатып, жаңыларын алдык. Эгер аймактардан келген жана турак жайы жок эл өкүлдөрү болсо, Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батирлерди беребиз.
Кыскасы, өлкөбүздү өнүктүрүүдө парламенттин ишинин маанилүүлүгүн эске алып, бардык шарттарды түзүп бердик. Эми жаңы дем, жаңы күч менен мамлекетибизди алдыга жылдырууга ак ниет менен иштегиле”,- деди Садыр Жапаров.
Эсеке салсак, бүгүн 17-декабрда Садыр Жапаров 8-чакырылыштын депутаттарынын ант берүү аземине катышып, сөз сүйлөдү.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















