Эрулан Кокулов: "Байдын баласы болбой эле шайлоодон утуп келдим" (видео)
"Кыргызстанда эл өкүлү болуш үчүн коррупционердин же байдын баласы болуш керек деген түшүнүктү артка калтырдым". Мындай пикирди Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына шайланып келген депутат Эрулан Кокулов журналисттерге жооп берип жатып айтты.
Анын айтымында, шайлоодогу үгүт иштерине жалпы 450 миң сом акча каражатын короткон.
"Мен жана менин командам жаңы жетишкендикке жеттик. Кыргызстанда эл өкүлү болуш үчүн коррупционердин, байдын баласы же өзү бай болуш керек деген түшүнүктү артка калтырдык. Экинчи жолу депутат болуп отурам. Бирчи жолкусунда "бул хайп үчүн келди, элге таанымал болгону үчүн өттү" деген сөздөр болгон. Мына, экинчи жолкусунда округдан шайланганда дагы өттүм.
Шайлоодогу үгүт иштерине жалпы 450 миң сом коротуптурмун. Мен акчасы жок, бир байдын баласы болбой эле шайлоодон утуп келдим",- деген Кокулов.
Эрулан Кокулов: "Байдын баласы болбой эле шайлоодон утуп келдим"
0

Супер-Инфо
super.kg видео















