super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Төрага болуп кайрадан шайланган Нурланбек Тургунбек уулунун өмүр баяны

 

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Нурланбек Тургунбек уулу шайланды. Парламент жыйынындагы жашыруун добуш берүүгө жалпы 87 депутат катышты. Анын 84ү макул болсо, 3 депутат каршы болгон.

Өмүр баяны:

Тургунбек уулу 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Жогорку билимдүү. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1996-1997-жылдары "Обон" гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактор;
  • 1997-1999-жылдары "Учкун" гезитинин башкы редактору;
  • 1999-2004-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;
  • 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;
  • 2005-2006-жылдары "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редактору;
  • 2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы;
  • 2009-2010-жылдары "ЭлТР" коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;
  • 2010-2011-жылдары маданият жана маалымат министри;
  • 2017-2021-жылдары "2 канал" (New TV) жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
  • 2021-жылы №17 Аксы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
  • 2022-жылдын 29-мартында "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси, 5-октябрында парламенттин төрагасы болуп шайланган.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;

КМШнын Аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун мааракелик медалы жана башка бир катар мекемелик сыйлыктар менен сыйланган. Ошондой эле Казакстан Республикасынын II даражадагы "Достук" орденинин ээси.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары ант берип, ишке киришти. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана өкмөт мүчөлөрү катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: