4500 доллар алып... Коргоо министрлигинде коррупциялык схема аныкталды (видео)
УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын коррупциялык иштерин аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда атайын кызматтын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, текшерүү 11-декабрда жүргүзүлүп, пара алуу жана кызматтык жасалмачылык фактылары катталды.
2024-жылы Улуттук аскер лицейинин бүтүрүүчүсү ЖРТдан 108 упай алганына карабай, документтерде көрсөткүч 129 упай болуп жасалмаланып, ал аскердик жогорку окуу жайга кабыл алынган. Бул кызмат үчүн абитуриенттин апасы аркылуу жооптуу кызмат адамдарына жалпысынан 4500 доллар берилгени аныкталды.
Соттун чечими менен Коргоо министрлигинин кызматкери, майор А.А. эки айга №1 тергөө абагына камакка алынды. Учурда кылмыш боюнча башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.
Коргоо министрлигиндеги коррупциялык схема аныкталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















