super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Бишкекте бокс боюнча өлкө биринчилиги өтүүдө

 

Бүгүн, 17-декабрда 2008-2009-жылдары төрөлгөн улан-кыздар арасында бокс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты - жаштар арасында бокс спортунун абалын аныктоо жана мыкты мушкерлерди тандап алуу, өлкөнүн улуттук курама командасын түзүү, боксту өнүктүрүү жана жаштар арасында спорттун бул түрүнүн популярдуулугун арттыруу болуп саналат.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген мушкерлер катышууда.

Бокс боюнча биринчилик эл аралык эрежелерге ылайык, балдар арасында 10 салмактык категория боюнча өтүүдө: 50, 55, 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90 жана 90 килограммдан жогору. Кыздар арасында 9 салмак категориясында 48, 51, 54, 57, 60, 65, 70, 75 жана 80 килограммга чейинки салмак чендеринде беттештер өтөт.

Мелдештер 21-декабрга чейин уланат. Жыйынтыгында жеңүүчү мушкерлерге медаль жана дипломдор тапшырылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: