Чүйдө аңчылык эрежелерин бузган жарандарга айып пул салынды
Жаратылыш министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чараларды өткөрүштү.
Анын жүрүшүндө мыйзамсыз аңчылык менен алектенген бир нече жаран аныкталды. Аларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 263-беренеси (аңчылык эрежелерин бузуу) боюнча 20 протокол түзүлгөн. Тактап айтканда, ар бирине 12 500 сомдон айып пул салынды. Айыптардын жалпы суммасы 250 000 сомду түздү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү улантып, өлкө аймактарындагы экологиялык тең салмактуулукту сактоо боюнча ишти күчөтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:00
2025-12-17
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















