super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мамлекеттик салык кызматы жылдык планды алгач ирет мөөнөтүнөн мурда аткарды

 

Мамлекеттик салык кызматы салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноо боюнча жылдык бекитилген болжолдуу планды мөөнөтүнөн мурда аткарды. Бул тууралуу 17-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, план боюнча 2025-жылы 268 миллиард 326,4 миллион сом салык түшүүсүн камсыз кылуу каралган. 2025-жылдын январь–ноябрь айларында эле Салык кызматы тарабынан 275 миллиард 742 миллион сом өлчөмүндө салык жыйналды. Белгиленген план 12 миллиард 271 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 71 миллиард 881 миллион сомго көбөйдү.

Мындан тышкары алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын аягына чейин план ашыгы менен аткарылары күтүлүүдө. Салыктардын жана төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 300 миллиард сомдон ашышы мүмкүн.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо көрсөткүчтөрү 74 миллиард 57 миллион сомду түзүп, план 1 миллиард 217 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. Өткөн жылдын ноябрь айына салыштырмалуу 7 миллиард 680 миллион сомго көп жыйналды.

Жылдын 11 айында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жалпы түшүүлөрдүн суммасы 349,8 миллиард сомго жетти.

Белгилей кетсек, алынган жыйынтыктар жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун, өлкөнүн салык системасынын туруктуу өнүгүшүн жана жарандардын салыктык сабаттуулугунун жогорулап жаткандыгын далилдейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: