Ташиев уулу Таймурас менен депутаттар тууралуу кеп кылды
Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Нургазы Анаркулов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас менен телефондо сүйлөшкөн үн жазмасын жарыялады.
Анаркулов бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын айрым депутаттары ант берүүдө жаңылышканы боюнча Ташиевге суроо узатканын, атайын кызматтын башчысы жооп катары баласы менен сүйлөшкөн үн жазманы чыгарып коюуну сунуш кылганын жазат.
Үн жазмада Таймурас атасына жаңы депутат болгон Бекмырза Чолпонбай уулу ант берип жатып, жаңылганын айтканын угууга болот. Ташиев парламенттин трибунасында сүрдөө болорун, ал жаш экенин эскертип, уулун сын такпоого чакырган.
Таймурас көпчүлүк эл өкүлдөрү Конституция деген сөздү так айта алышпаганын белгилеп, нааразычылыгын жашырган эмес.
Ташиевдин уулу менен депутаттар тууралуу сүйлөшкөнү жарыяланды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















