Жогорку Кеңеште тармактык комитеттердин төрагалары шайланды
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары бүгүн, 17-декабрдагы жыйында парламент комитеттеринин төрагаларын шайлоо маселесин карашты.
Депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагалары болуп шайланды:
- Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болду;
- Элдар Сулайманов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызматына бекиди;
- Бакыт Тентишев Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы болду;
- Токтобүбү Ашымбаева Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы болуп бекиди;
- Кубанычбек Конгантиев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды;
- Алтынбек Кудайбердиев Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы болуп бекиди;
- Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болду;
- Гүлсүнкан Жунушалиева Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна бекиди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:20
2025-12-17
20:15
2025-12-17
16:53
2025-12-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















