Депутат Болот Ибрагимов Ак үйдөгү иш бөлмөсүн көрсөттү (видео)
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты Болот Ибрагимов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Ак үйдөгү иш бөлмөсүн көрсөттү.
Анда ал шайлоочуларына жана аны колдогондорго ыраазычылык билдирген.
"Эң алгач мени шайлап, колдоп бергендерге ыраазычылык билдирем. Эми биз бир команда болдук, баарыбыз өлкөнүн өнүгүшү үчүн иштеп жатабыз. Ал эми иш бөлмөм боюнча айтсам, мага бар нерсеге ыраазы болгонду үйрөтүшкөн. Бул бөлмө боюнча эч нерсе айта албайм, баа дагы бере албайм. Отурса болот",- деген ал.
Белгилей кетсек, Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына №22 округдан шайланып келген.
Депутат Болот Ибрагимов Ак үйдөгү иш бөлмөсүн көрсөттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:21
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















