Бишкекте өспүрүмдөр үчүн рейддер өткөрүлдү
Бишкектин Биринчи Май районунда 11-декабрдан бери жашы жете электердин кылмыштуулугунун, балдардын кароосуз калышын алдын алуу жана кайыр сураган балдарды аныктоо максатында 5 рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейддер күндүз жана түнкүсүн уюштурулду. Түнкү рейддер борбордук Ала-Тоо аянтында өттү. Күндүзгү рейддер "Кудайберген" жана "Сары-Өзөн" базарларында, ошондой эле эл көп жайгашкан жерлерде, жер астындагы өтмөктөрдө жана соода борборлорунун жанында өткөрүлдү.
Иш-чарага социалдык кызматкерлер, милиция, билим берүү бөлүмү жана муниципалдык башкармалыктын кызматкерлери катышты.
Рейддердин жүрүшүндө жашы жете электер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алардын коопсуздугу жана укуктарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















