Ошто Тажикстандын башкы консулдугун ачуу маселеси талкууланды
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Ош жана Худжанд шаарларында башкы консулдуктарды түзүү боюнча тапшырмаларын ишке ашырууну талкуулашты.
Мындан тышкары, тараптар активдүү кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, консулдук тармактагы өз ара аракеттенишүүнү мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:21
2025-12-18
21:20
2025-12-17
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















