Беш өлкөнүн президентине арнап шырдак жасашкан. Уз-чебер шырдак жасоонун ыкмаларын айтат
Кылымдардан бери кыргыз үйүн жылытып келе жаткан шырдак бүгүн да өз наркын жогото элек. Атайын даярдалган станок эмес, апалардын кол күчү, сабыры менен жаралган бул кол өнөрчүлүк азыр да айыл-кыштактарда, шаар четиндеги өнөрканаларда жашап келет. Биз маектешкен уз-чеберлердин айтымында, бир шырдактын артында бир нече адамдын эмгеги, айлап созулган талыкпас жумушу жатат. Бул тууралуу кененирээк “Kyrgyz Handmade” компаниясынын чебери айтып берди.
Дилдекан Иманкулова бул компания ачылгандан тартып эмгектенип келе жаткан чеберлердин бири. Ал кол өнөрчүлүккө бала кезинен эле кызыгып баштаган.
“Өзүмдүн апам уз киши болчу, баарын өзү жасачу. Апам жасап жатканда көрүп, кичинекей кезимден эле үйрөндүм. Алгачкы кездерде апама жардамдашып эле жүрсөм, 30 жаштан ашкандан кийин өзүмчө жасай баштадым”,- дейт ал.
Бул өнөр бир гана үй-бүлөнүн ичинде эмес, айыл-кыштактагы кыз-келиндер арасында да кеңири жайылган. Алар бири-бирине жардамдашып, бири оюп, бири жөрмөп, бири шырып, биргеликте жасашкан. Ушундай чөйрөдө өскөн жаштар кийин да бул өнөрдү улантып кетишкен.
"Бир шырдак - бир айлык эмгек"
Шырдак жасоо - бир канча этаптан турган татаал процесс. Анын даяр болушу өлчөмүнө жараша өзгөрөт.
“Кичинекей шырдак болсо, мисалы 180×120 сантиметр, бир эле киши жөрмөгүн, шырыгын, жээгин, ирмегин баарын өзү жасаса, бир ай же бир ай он күндө бүтөт. Ал эми чоң шырдактар эки айдын аралыгында даяр болот. Кыргызстандын 7 облусу боюнча кызматташкан чеберлерибиз бар. Чоңураак шырдактардын көбүн айылдагылар, айрыкча Ат-Башыда жашагандар жасашат”,- дейт чеберибиз.
“Станокко" өтсөк - нукуралык жоголот”
Кол өнөрчүлүктүн өзгөчөлүгү – анын кол менен жасалышында. Өнөр ээси белгилегендей, эгер станокко өтсө, мындай буюм кол өнөрчүлүк болбой калат: станок менен жасалган буюм фабрикалык болуп, баасы да арзандайт. Ошондуктан алар мурдатан калган салттуу ыкманы колдонуп келишет. Мындан тышкары, ал 2-3 метрлик чоң шырдактарды станокко салуу мүмкүн эмес экенин да кошумчалайт.
Ар бир оюу - кандайдыр бир мааниге ээ
Шырдактын кооздугу биринчи көзгө урунганы менен, анын ичиндеги маанилер туристтер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратат. Иманкулованын айтымында, мурда сүрөтчүлөр болбогондуктан, айылдагы апалар кооз көргөн нерселердин элесин оймо аркылуу түшүрүп жасашкан. Жаныбарлардын, тоолордун образдары да ушул себептен кеңири колдонулган. Ал эми "саймалуу" деп аталган оймо байыркы саймалуу таштардын негизинде пайда болгон. Бул оюулардын автору болбогондуктан, азыр да көпчүлүк колдонуп жүрөт, болгону айрым майда деталдарына гана өзгөртүүлөр кириши мүмкүн.
Жоопкерчиликтүү жана эл аралык буюртмалар
Жакында эле өлкөдө болуп өткөн саммитке 5 өлкөнүн президенти келип кетишти. Атайын аларга арналып, шырдактар жасалган. Иманкулованын айтымында, буюртма аябай жоопкерчиликтүү иш болгон. Ар ким өзүнүн ишин мыкты деңгээлде аткарууга аракеттенген. Ар бир президентке алардын өлкөсүнүн атрибуттарын кошуп, желегинин түсүнө ылайыкташтырып жасашкан. Ар бирине өздөрүнө жаккандай болуусуна өзгөчө көңүл бурушкан.
Мастер-класстар жана туристтер
Көпчүлүк туристтер шырдак сатып алуу менен чектелбестен, аны өздөрү жасап көрүүнү каалашат.
“Бир сааттык мастер-класс өтүп беребиз. Үйрөнгөндөрүн жасап, өздөрү менен ала кетишет. Табигый, жылуу, кол менен жасалган буюмдар чет элдиктердин өзгөчө кызыгуусун жаратат. Алар үчүн бул - баалуу белек”,- дешет чеберлер.
Кол өнөрчүлүктүн келечеги барбы?
Кол өнөрчүлөрдүн айтымында, бул өнөрдүн келечеги кең. “Дүйнөдө кыргыз жашап турганда, кол өнөрчүлүк унутулбайт. Азыркы жаштардын арасында да кызыккандар көп. Мектеп окуучулары атайын каникулда келип үйрөнүп кетишет. Жаш болгондуктан алар бат үйрөнүшөт. Өкмөттөн да колдоо болуп жатат”,- деп билдирет Дилдекан Иманкулова.
Шырдак жасоо - жөн гана буюм чыгаруу эмес. Бул иш кыргыздын руханий мурасын кийинки муунга өткөрүү. Ушул эмгекти сактап, үйрөтүп, жандандырып турган кол өнөрчүлөр аркылуу кыргыздын байыркы салты бүгүнкү күндө да жашап келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















