super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Духу жетпей жатат". Сурабалдиева төрагага жооп берди

 

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында комитеттердин төрага орун басарларын шайлоо учурунда талаш-тартыштар жаралды.

Депутат Элвира Сурабалдиева парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, кечээ парламент спикерин, вице-спикерлерди жана комитет трагаларын шайлоо "альтернативасыз өткөнүн" эске салып, ишти ошондой эле уланта берүүнү талап кылды.

"Бүгүн комитеттердин орун басарларын шайлоо жүрүүдө. Кечээ диктатура, бүгүн демократия болуп калыптыр. Депутаттардын ортосунда ызы-чуу чыкпашы үчүн, талапкерлерди альтернативасыз белгилеп коюуңуздарды суранам",- деди Сурабалдиева.

Парламент төрагасы Тургунбек уулу Элвира Сурабалдиева эч кандай депутаттык топко кирбегени үчүн акыркы чечимдерден кабарсыз калганын айтып, ар бир комитетке үч талапкер гана сунушталарын белгиледи. Ал ошондой эле "түндүк-түштүк" деген маселеге орун жок экенин, парламент трибунасынан мындай сөздөр айтылбашы керектигин эскертти.

Сурабалдиева калыс пикирин билдиргенин белгилеп, "мени коркутпаңыздар" деди.

"Мен айткан сөздү айтууга айрымдардын, балким, дарамети же духу жетпей жатат. Мен ачык айткан депутатмын. Анан мени бул же тиги топко кир деп мажбурлай албайсыз",- деп кошумчалады Сурабалдиева.

Талкууга депутаттар Умбеталы Кыдыралиев менен Бурун Аманова да катышып, аймактык бөлүнүү болбогонун белгилешти.






Сурабалдиева төрагага жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: