Камбоджа менен Таиланддын чек арасында кайра жанданган кагылышуудан 18 адам каза болду
Камбоджа менен Таиланддын чек арасында чыккан куралдуу кагылышуунун кесепетинен 18 камбоджалык жаран каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 7-декабрдан бери уланып жаткан жаңжалдын айынан 78 адам жаракат алып, 450 миңден ашуун тургун чек арага жакын аймактардан эвакуацияланууга аргасыз болду. Ошондой эле ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген байыркы храмдар жана башка маданий-диний объекттер, турак жайлар, мектептер, ооруканалар жана көпүрөлөр зыянга учураган.
Куралдуу кагылышуулар 7-декабрда ок атуучу куралдардын колдонулушу менен башталган. Камбоджанын Коргоо министрлиги тай аскерлерин чек ара аймактарында провокация жасоого жана андан соң кол салууга өттү деп айыптоодо.
Ал эми Таиланддын армиясы кагылышууну биринчи болуп Камбоджа тарап баштаганын билдирип, жооп иретинде камбоджалык аскердик объекттерге сокку урулганын маалымдады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















