Мас абалында унаа айдап кызматынан алынган министрди чепкен жаап узатышты
Бүгүн, 18-декабрда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин эмгек жамааты мекеменин алгачкы министри Бактияр Орозовду жумуштан узатты. Бул тууралуу министрлик кабарлады.
Маалыматка ылайык, жамаат ага министрликти түптөөдөгү салымы үчүн ыраазычылык билдирип, чепкен жаап, калпак кийгизген.
Эске салсак, Бактияр Орозов 15-декабрда кызматтан алынган. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматынан бошотулганы айтылат.
Ошол эле күнү социалдык тармактарда Бактияр Орозовго окшогон адам тартылган видео тараган. Анда анын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп жатканын көрүүгө болот. Көп өтпөй эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Орозов мас абалында унаа башкарып бара жатканда кармалганын тастыктаган.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:34
2025-12-18
16:19
2025-12-18
16:14
2025-12-18
15:21
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео