Садыр Жапаровдун учагы Токионун аэропортуна конду (видео)
Бүгүн, 18-декабрда президенти Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен “Борбордук Азия + Япония” диалогунун биринчи саммитине катышуу үчүн Японияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өлкө жетекчисинин учагы Токио шаарындагы “Ханеда” эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн.
Жапаровду Япониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчысынын Япониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган. Саммиттин алкагында Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониянын бизнес форуму да өтөт.
Садыр Жапаровдун учагы Токионун аэропортуна конду
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















