super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстандыктардын карталарынан 11 миллионго сомго жакын акча жоголду

 

Быйыл июль-сентябрь айларында коммерциялык банктар 640тан ашык уруксатсыз операцияны каттап, кардарлар 11 миллион сомго жакын зыянга учурады. Бул тууралуу коммерциялык банктардын маалыматында көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, эң көп зыян Visa карталарынын ээлеринде катталган — 522 учур, 9,4 миллион сом. Андан кийин MasterCard карта ээлери — 87 операция, 209 миң сом жана Элкарт карталары — 32 уруксатсыз операция аркылуу 1,33 миллион сом жоголгон.

Мындан улам өткөн жылга салыштырмалуу (729 учур, 10,1 миллион сом) быйылкы учурлардын саны (641) азайганы менен, кардарлардын жалпы зыяны 10,9 миллион сомду түзгөн.

Экинчи кварталга салыштырмалуу, үчүнчү кварталда уруксатсыз операциялар 31 пайызга көбөйүп, 5,2 миллион сомдон ашты. Ошондой эле 23 учур чет элдик банктардын карталары менен катталган, зыян 18,6 миң сомду түздү.

Бардык учурлар боюнча банктар кардарлардын акчасын кайтарууга аракет кылууда. Бирок карталык алдамчылык төлөм системасынын негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.12.2025. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин акчасын жегендер элдин үмүтүн жейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: