super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Эдил Байсалов Украинанын өлкөдөгү элчисин кабыл алды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Украинанын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Валерий Жовтенкону кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлдаы.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык саясаттын жана кыргыз-украин эки тараптуу мамилелеринин кеңири чөйрөсү талкууланган. Ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу темалар боюнча пикир алмашуу болгон.

Кыргыз тарап Украинадагы кан төгүүнү тез арада токтотуу жана гуманитардык ой-пикирлердин артыкчылыгынан келип чыккан саясий-дипломатиялык жөнгө салууга жетишүү боюнча эл аралык сүйлөшүү демилгелерин колдоо зарылдыгынан келип чыккан өзүнүн бекем позициясын билдирген.

Жыйынтыгында үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды колдоого жана талкууланган маселелер боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга эки тараптын тең даярдыгы ырасталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: