Кыргыз балбандары бел боо күрөшү боюнча Дүйнө биринчилигинде байгелүү орундарды алышты
Татарстандын борбору Казань шаарында 16-17-декабрь күндөрү 2005-2007-жылдары төрөлгөн балдар жана кыздар арасында бел боо күрөшү боюнча Дүйнө биринчилиги болуп өттү. Аталган мелдешке Кыргызстандын улуттук курама командасы катышканын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдеште төмөнкү балбандар байгелүү орундарга ээ болушту:
- Элдос Ураимжанов (62 килограмм) - 1-орун;
- Нургелди Алтымышев (82 килограмм) - 2-орун;
- Исламали Шарапов (+100 килограмм) - 3-орун.
Дүйнө биринчилиги Казань шаарындагы “Тулпар” спорт комплексинин аренасында уюштурулду. Турнирге 25 өлкөдөн 150гө жакын спортчу катышты. Кыргызстандын улуттук курама командасы мелдешке машыктыруучу Тамчы Эсенбек уулунун жетекчилигинде катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-12-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















