super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Программалоо мектеби жана педагогдор үчүн курстар: Кыргызстанда IT-билим берүү кандай өнүгүп жатат?

 

«Яндекстин» эл аралык социалдык долбоорлорунун жетекчиси Мария Тимофеева мектеп окуучулары үчүн акысыз программалоо Мектеби, информатика мугалимдери үчүн нейротармак жана Python боюнча онлайн-курстар тууралуу айтып берди.

Азыр IT-билим берүүнү өнүктүрүү - экономикалык өсүштүн жана өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги факторлорунун бири. Санариптик технологиялар тармагындагы адистерди даярдоо мектепте окуудан башталат, ал эми окутуунун сапатынын жакшырышы көп учурда программага гана эмес, мугалимдердин даярдыгынын деңгээлине да көз каранды. «Яндекс Кыргызстандын» колдоосу менен Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн программалоону акысыз окутуу жана информатика мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу системасы кантип түзүлүп жатканы тууралуу «Яндекстин» эл аралык социалдык долбоорлорунун жетекчиси Мария Тимофеева айтып берди.

Компаниядан белгилегендей, IT-адистерин системалуу колдоо рыноктогу атаандаштыкты күчөтөт жана бул тармактагы бардык катышуучулардын өнүгүүсүнө шарт түзөт.
«Биздин бардык социалдык демилгелерибиз билим берүүдөн башталган. IT-адистеринин рыногунун өнүгүшү натыйжалуу атаандаштыкты жогорулатып, бизнестин өсүшүнө жардам берет, деп ишенебиз» — деди Мария Тимофеева журналисттер менен жолугушууда.

Кыргызстандагы негизги долбоорлордун бири, бул 14 жаштан 17 жашка чейинки окуучулардын акысыз Программалоо мектеби. Ал Бишкек шаарындагы мектептердин жана лицейлердин базасында офлайн форматта ишин баштаган. 2023–2024-жылдары мектепти аяктагандыгы тууралуу сертификатты 100дөн ашуун окуучу алды. Окутуу программасына катышуучу болуш үчүн окуучулар арызын берип, тесттик тапшырмаларды жана маектешүүдөн турган олуттуу тандоодон өтүшү керек. Анын негизинде баланын мотивациясын жана окууга даярдыгын баалоого мүмкүн болот.

«Окууга өтүш үчүн математиканы жакшы билүү жана жогорку мотивация гана талап кылынат, анткени сабактар окуу жылынын ичинде жумасына эки жолу мектептин негизги программасына кошумча сабак катары өтүп турат. Программалоо Мектебинде балдар техникалык жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн жакшы базаны түптөп чыгышат», — деп белгиледи, «Яндекстин» эл аралык социалдык долбоорлорунун жетекчиси.

Мындан тышкары, быйыл биринчи жолу Кыргызстандын ар кайсы шаарлары жана райондорунун окуучуларына жеткиликтүү болгон «Python башталгычтар үчүн» аттуу жайкы онлайн-курс өткөрүлүп, ага 1000ден ашуун мектеп окуучусу катышкан. Мини-курсту ийгиликтүү аяктаган окуучулар программалоо Мектебинде окуусун уланта алышты. Бул окуу жылы ал мектепте 250 окуучусу билим алууда.

Билим берүү стратегиясынын дагы бир маанилүү багыты – бул педагогдор менен иш алып баруу. Ушул жайда «Яндекс Кыргызстан» информатика мугалимдери үчүн акысыз онлайн-курска кезектеги кабыл алууну ачкан. Бул курс билимди жаңылап, окутуу ыкмаларын өркүндөтүүнү жана санариптик чөйрөдө талап кылынган заманбап технологияларды өздөштүрүүнү каалагандар үчүн ыңгайлуу. Тандоого үч багыт сунушталат: «Нейротармактар», «Python программалоого киришүү» жана «Python боюнча маселелерди чечүү практикасы». Акыркы кабыл алуунун алкагында 2 600дөн ашуун арыз түшкөн жана ага каттоо дагы деле уланууда. Белгилей кетчү нерсе - курсту толук бүтүрбөй калган катышуучуларга да окуу материалдары жеткиликтүү, андыктан аларды алып, өз ишинде колдонууга болот.

Компаниянын өкүлдөрү кошумчалагандай, билим берүү долбоорунун өнүгүшүндөгү негизги ролду - программа өзү жана аны туура колдонуп, билимди окуучуларга жеткире алган мугалим ойнойт.

«Эгерде бизде көбүрөөк даярдыктан өткөн мугалимдер болсо, биз окуу аянтчаларынын санын жана программалоону үйрөнгөн балдардын санын көбөйтө алабыз. Азыр биз мүмкүн болушунча көбүрөөк окуучуларды ITге кызыктырып, бул багытта билимин тереңдетүүгө, анын ичинде кийин техникалык университеттерге өтүүгө мүмкүнчүлүк алышына көңүл буруп жатабыз», - деп жыйынтыктады Мария Тимофеева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: