super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Апрелден тарта мугалимдер менен дарыгерлердин маянасы 50 пайызга көтөрүлөт (видео)

 

Кийинки жылы мугалимдер менен дарыгерлердин айлык акысы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев "Ала-Тоо 24" телеканалына маек берип жатып билдирген.

Анын айтымында, кийинки жылы өлкөдөгү айрым кызматкерлердин маянасы эки этап менен көтөрүлөт.

"Кийинки жылга чоң пландарды койдук. Эки этап менен айлык акыларды көтөрүп беребиз. Биринчи этапта 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданий кызматкерлердин жана тейлөө кызматкерлеринин айлык акысын 50 пайыздан кем эмес көтөрөбүз. Ал эми экинчи этап менен 1-сентябрдан баштап, муниципалдык кызматкерлердин айлыгын 50 пайызга чейин көтөрүп беребиз. Буга бюджеттен кошумча 39 миллиард сом керектелет", - деген өкмөт башчы.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев жакын арада пенсия маселеси дагы карала турганын кошумчалаган.

"Пенсия маселеси дагы көп көтөрүлүүдө. Бул багытта дагы иштерди алып баруудабыз. Алдыда сезиле тургандай кылып көтөрөбүз", - дейт Касымалиев.






Апрелден тарта мугалимдер менен дарыгерлердин маянасы 50 пайызга көтөрүлөт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: