Газа аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам 17 адам каза болду
Газа аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам кеминде 17 адам, анын ичинде 4 бала сууктан тоңуп каза болду. Бул тууралуу “24KZ” агенттиги Газанын Саламаттыкта сактоо министрлигине таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, катуу шамал согуп, узакка созулган жаан-чачын жаап, түнкүсүн абанын температурасы 5 градуска чейин төмөндөөдө.
Айрыкча турак жайынан ажыраган жарандар жашаган лагерлерде абал оор. Жүз миңдеген адамдар жылытуу каражаты жок чатырларда жана бузулган имараттарда жашап жатышат.
Мындан тышкары, суук тийүү жана грипптин оор түрлөрү менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Дары-дармектердин, жылуу кийимдердин жоктугу жана отундун жетишсиздиги абалды ого бетер курчутууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-12-19
18:39
2025-12-18
14:58
2025-12-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















