super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чүйдө батир сатып алган жаран милицияга кайрылды

 
Чүй облусунда батир сатууга байланыштуу алдамчылык фактысы катталып, шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Билдирүүдө берилгендей, укук коргоо органдарына 11-декабрда 30 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Арыз ээсинин айтымында, ушул жылдын март айында шектүү "Лалафо" сайтына Ивановка айылында жайгашкан батирди сатуу тууралуу жарыя жайгаштырган. Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин аталган батирди сатып алуу боюнча макулдашуу түзүлүп, Кант шаарында жабырлануучу шектүүгө 1 050 000 сом өткөрүп берген. Бирок каражат алганына карабастан ал батирди сатып алуучунун атына өткөрүп берүүдөн баш тартып, акчаны кайтарып берген эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1987-жылы туулган Н.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө аталган батир шектүүнүн апасынын атына катталгандыгы аныкталган. Ошондой эле ал алынган акчаны кайтарып берүүнү көздөбөстөн, батирди кайрадан сатууга коюуну мерчемдегендиги белгилүү болгон.
Тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: