Бишкекте абанын сапаты боюнча тегерек стол болуп өттү
Бишкек шаарында “Кыргызстанда абанын сапатын жөнгө салуунун укуктук негиздерин жана башкаруу механизмдерин талдоо” темасында тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, иш-чара министрдин орун басары Асель Раимкулованын жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Анда атмосфералык абаны коргоо жаатындагы колдонулуп жаткан мыйзамдык жана институционалдык базанын, ошондой эле адамдын таза, ден соолукка пайдалуу жана туруктуу айлана-чөйрөгө болгон укугун ишке ашыруу механизмдеринин аналитикалык баяндамасы сунушталды. Баяндама Кыргызстандын мыйзамдарын, стратегиялык документтерин, эл аралык милдеттенмелерин жана эл аралык уюмдардын сунуштарын талдоонун негизинде даярдалган.
Тегерек столдун негизги максаты - жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын талкуулоо жана абанын сапатын башкаруу боюнча мыйзамдарды жана механизмдерди мындан ары өркүндөтүү үчүн артыкчылыктуу сунуштарды аныктоо болду.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















