super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухитонун кабыл алуусунда болду

 

Бүгүн, 19-декабрда президент Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухитонун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достук байланыштарды бекемдөө, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди кеңейтүү маселелери талкууланды.

Император Нарухито мамлекет башчысын жылуу тосуп алып, анын сапары Кыргыз-Япон мамилелерин мындан ары тереңдетүү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент кыргыз эли достук мамиледеги япон элине карата чын ыкластуу жылуу сезимде экенин, анын маданиятын жана каада-салттарын жогору баалай турганын айтты. Ал Осака шаарындагы ЭКСПО-2025 бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн ийгиликтүү өткөрүлгөнүн жогору баалап, Кыргызстандын улуттук павильонуна "Жашоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" категориясында алтын сыйлыктын ыйгарылышынын маанисин белгилеп өттү.

Президент Япониянын технологияларынын жана билим берүү программаларынын Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун калыптандырууга көмөктөшкөн Япониянын стипендиялык программасы өзгөчө белгиленди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын жаштарынын япон тилине жана маданиятына болгон кызыгуусу туруктуу өсүп жатканын, учурда өлкөнүн төрт жогорку окуу жайында 700гө жакын студент япон таануу жана япон тили боюнча билим алып жатышканын айтты.

Садыр Жапаров императордун суу ресурстары жаатындагы илимий ишмердүүлүгүн жогору баалап, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле ал император Нарухитону 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, император Нарухитону өзүнө ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: