Чүйдө жер тилкесин мыйзамсыз сатууга шектүү кармалды
Чүй облусунда жер сатуу алдамчылыгы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, июнь айында К.Э. аттуу жаран А.К. аттуу жабырлануучунун ишеничине кирип, Москва районуна караштуу Беловодское жана Александровка айылдарында 20 сотых жер тилкесин өзүнө таандык экенин көрсөтүп, аны сатуу үчүн керектүү документтерди даярдап берүүнү убадалаган. Бирок жабырлануучунун 12 миң долларын алып, жер тилкесин каттоодон өткөргөн эмес.
Натыйжада А.К. аттуу жаран 1 миллион 440 миң сом өлчөмүндө зыянга учураган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде мурда бир нече жолу соттолгон 1985-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















