Ошто коррупцияга шектелип мамлекеттик кызматкерлер кармалышты
Араван районунун Кең-Сай массивиндеги жер тилкелерин трансформациялоо боюнча дагы 6 мурдагы жана учурдагы мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алар коррупцияга шектелип жатышат. Шектүүлөрдүн тизмеси:
- Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн мурдагы жер адиси, 1971-жылы туулган К.Ш.
- Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, 1955-жылы туулган А.А.
- Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын мурдагы убактылуу милдетин аткаруучу, 1961-жылы туулган С.А.
- Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы, 1984-жылы туулган Ш.А.
- Араван райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ИЖС техниги, 1979-жылы туулган М.З.
- Араван райондук жер ресурстары геодезия жана картография боюнча кадастр мамлекеттик мекемесинин башчысынын мурдагы убактылуу милдетин аткаруучу, азыркы учурда ошол эле мекеменин бөлүм башчысы, 1984-жылы туулган Х.А.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) негизинде кылмыш иш козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эске салсак, ушул эле кылмыш иши боюнча буга чейин 5 мурдагы мамлекеттик кызматкер кармалган.
Учурда Араван РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















