super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте 8-класстагы кыз менен жакын мамиледе болгон милиция кызматкери кармалды

 

Бишкекте 8-класстын окуучу кызы менен жакын мамиледе болгон милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя ноябрда катталып, 11-декабрда Свердлов райондук милициясынын Балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы билдирме менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен кылмыш иши козголду.

Шектүү катары А.А. аттуу милиция кызматкери кармалып, Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Тергөө иштери улантылууда.

Ички иштер министрлиги кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө иштерин туруктуу жүргүзүп келерин белгилеп, мыйзам бузуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларга катуу укуктук баа берилип, күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жоопко тартыларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: