super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ошто алгачкы ирет боор алмаштыруу операциясы жасалды

 

Кыргызстандын түштүк аймагында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы Ош мамлекеттик университетинин Медициналык клиникасында жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, элүү жаштагы бейтапка 25 жаштагы уулу донор болду.

Операция акысыз жасалды. Аны окуу жайдын тажрыйбалуу дарыгери Бексултан Сейтбек уулу Орусиядан чакыртылган адистер менен биргеликте жасады. Операция президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда орган алмаштыруу тармагын өнүктүрүү боюнча берген тапшырмасынын негизинде жана саламаттык сактоо министринин колдоосу менен жүргүзүлдү.

Бүгүн, 19-декабрда операциядан кийин саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов бейтаптан кабар алды. Министр мындай оор операциялардын түштүк аймагында жасалышы Кыргыз медицинасы үчүн маанилүү экенин белгилеп, мүмкүнчүлүктөр дагы да кеңейерине токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: