super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бул жылы аймактарда кооздолгон жаңы жылдык балатылар (сүрөттөр)

 

Жаңы жылга саналуу күндөр калып, бардык жерде майрамга карата даярдыктар күч. Бул жылы дагы жаңы жылдын көркү болгон балатылар аймактарда ар кандай кооздолду.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы башкы балатынын оту 15-декабрда жандырылды. Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 32 метр, чокусундагы жылдызы менен 35 метрге жетти. Ал 7 миңдей көк жана күмүш түстүү оюнчуктар менен кооздолуп, 2 миллион сомдой акча каражаты жумшалганы айтылды. Мындан тышкары, аянтта шаар тургундары жана коноктору үчүн муз аянтчасы жана тамак-аш, оюн-зоок зоналары жасалды.

Ош шаарынын борбордук аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту 14-декабрда жандырылды. Балатынын бийиктиги 30 метрди түзүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланды. Борбордук аянтта балатыдан тышкары, "Түндүк жарыгы" жарманкеси дагы жасалгаланды. Борбордук аянт жомоктогудай кооздолуп, шаар тургундары жана коноктору үчүн кооз фотолокациялар, даамдуу тамак-аштар жана эс алуучу жайлар уюштурулду.

Талас шаарынын борбордук аянты салтанаттуу түрдө 18-декабрда ачылып, жаңы жылдык балаты жандырылды. Калаа мэриясы кабарлагандай, борбордук аянт толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өтүп, заманбап жарыктандыруу тутуму орнотулган. Аянттын ачылышы менен бирге жаңы жылдык балатыны жандырууга президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, шаар мэри Нургазы Асылбеков катышып, элди кирип келе жаткан майрамы менен куттукташкан.

Баткен шаарында жаңы жылдык балатынын оту 17-декабрда жандырылды. Майрамдык иш-чара шаардын борбордук аянтында өтүп, ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов катышкан.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаңы жылдык балатынын оту 18-декабрда жандырылды. Майрамдык иш-чарага шаар бийлигинин өкүлдөрү жана калаа тургундары катышкан. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, балатыны кооздоого быйыл 234 миң сом сарпталган.

Нарын шаарында жаңы жылдык балатынын оту 15-декабрда жандырылды. Шаар мэриясы социалдык тармактагы баракчасында жаңы жылдык балатыны жандыруу учурундагы видеону жарыялап, жеринен тартылган сүрөттөрдү бөлүштү.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: