super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акыйкатчы институтуна 9 кызматтык унаа тапшырылды

 

Бүгүн, 19-декабрда Акыйкатчы институтуна кызматтык автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы менен президент Садыр Жапаровдун жолугушуусунан кийин институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоого 9 миллион сом бөлүнгөн.

Анын алкагында президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырды.

“Бүгүн кызматтык автоунааларды алуу борбордук аппаратта да, аймактарда да ишибизди күчөтүү үчүн маанилүү кадам. Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө жана өлкө боюнча адам укуктарын натыйжалуу коргоого шарт түзөт”,- деп билдирет институт.

Аталган унаалар өлкөнүн 6 облусундагы акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: