Улуу Британия санкциялык тизмени жаңылады. Тизмеде Кыргызстандын компаниясы да бар
Улуу Британия Орусияга каршы санкциялык тизмесин жаңылап, ага Өзбекстандагы төрт компанияны жана Кыргызстандагы бир компанияны киргизди. Бул ишканалар Орусия менен экономикалык кызматташтыкта болгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга байланыштуу Лондон 18-декабрдан тартып аларга активдерди тоңдуруудан тышкары, кошумча каржылык чектөөлөрдү киргизерин белгиленди.
Өзбекстанда катталган жана санкциялык тизмеге кирген компаниялар:
- Фергана химия заводу;
- Gelion Business Trade ЖЧКсы (Ташкент);
- СП Chemistry International ЖЧКсы (Навои);
- Raw Materials Cellulose ЖЧКсы (Жизак).
Британия бийлигинин маалыматына ылайык, бул уюмдар Орусияга Украина аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын аскердик операцияда колдонулган товарларды же технологияларды жеткиришкен деп шектелүүдө.
Жаңыланган тизмеде Бишкекте катталган "Кифико" компаниясы да бар. Лондондун билдиришинче, бул компания Орусия өкмөтүн стратегиялык мааниге ээ каржы секторунда бизнес жүргүзүү аркылуу колдогон. Маалыматтарга караганда, "Кифико" мурда Улуу Британия, АКШ жана Евробиримдик тарабынан санкцияга алынган A7 компаниясы менен байланыштуу.
Борбордук Азия өлкөлөрүнөн тышкары, санкциялык тизмеге Орусия жана Бириккен Араб Эмираттарындагы уюмдар да киргизилди.
Мындан тышкары, айрым жеке адамдарга да санкциялар салынды. Алардын катарында Өзбекстан, Израил жана Орусиянын жарандыгына ээ болгон ишкер Рустам Муминов бар. Буга чейин ага карата Украина да чектөөлөрдү киргизген. Ал Фергана химия заводунун ээси.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















