Интернетте мемге айланган окуя эсиңиздеби? Кристин жашоосу тозокко айланганын айтат
"Astronomer" IT компаниясынын башкы директору Энди Байрон менен кучакташып, талкууда калган компаниянын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Кристин Кабот алардын видеосу жашоосун тозокко айлантканын айтат.
Ал жумушунан, кадыр-баркынан ажыраганын жашырган эмес. Кабот видеодон кийин коркутууларга да туш болгонун билдирген. Metro гезити Кабот Байрон экөө тең мурунку түгөйлөрү менен ажырашып кеткенден кийин концертке барышканын айтканын жазат. Каботтун мурдагы күйөөсү да ошол учурда концертте болгон.
Гезит Кабот балдарын мектепке, спорттук иш-чараларга алып бара албай калганын кошумчалайт. Айым балдары буга өздөрү уруксат бербей жатышканын айтып берген.
АКШнын Жиллет стадионундагы Coldplay тобунун концертинде болгон окуянын чоо-жайы.
16-июлдагы концертте видеокамера күтүлбөгөн жерден Энди Байрон менен Кристин Каботту көрсөткөн. Алар аталган топтун солисти Крис Мартин кадрга көңүл буруп, "оо-о, буларды карачы" деп кайрылгандан кийин гана видеого тартылып жатышканын байкашкан. Дароо өздөрүн алып качышкан. Байрон шеригин кучактаганын токтотуп, жашынууга аракет кылса, ал эми аял уялганынан колу менен бетин жаап, артты караган.
Алардын чоң экрандан көрсөтүлгөн кылыгы бир нече сааттын ичинде интернет желесине тарап, миллиондогон көрүүлөрдү топтогон.
"Astronomer" компаниясынын башкы директору Энди Байрон кызматынан алынды. Чет элдик басылмалар Кристин Кабот күйөөсү Эндрю Кабот менен ажырашууга арыз бергенин жазып чыгышкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















