11 айда 2,1 миллион тонна күйүүчү-майлоочу май маркаланды
Мамлекеттик салык кызматы быйылкы жылдын 1-декабрына карата 2 миллион 142,2 миң тонна бензин жана дизель отуну маркаланганын билдирди.Мекеме 11 айда күйүүчү-майлоочу материалдарга карата акциз салыгы боюнча 3 миллиард 736,7 миллион сом түшкөнүн кошумчалады. Акциз салыгынан түшкөн киреше өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 79 миллион 607,7 миң сомго көп болгон.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда өлкөгө импорттолгон жана өлкө ичинде өндүрүлгөн бензин менен дизель отунун молекулярдык маркерлерди колдонуу аркылуу милдеттүү маркалоо киргизилген. Ошондой эле 2025-жылдын 1-январынан тартып маркасы жок бензиндин жана дизель отунун жүгүртүлүшүнө тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:41
2025-12-19
18:9
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















