Президенттик балатыга 1100 бала катышты
Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында балдар үчүн салттуу жаңы жылдык президенттик балаты майрамы өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, жалпы өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 бала келип катышкан. Алардын арасында окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.
Иш-чарага президенттин маалымат катчысы Арслан Койчиев да катышып, балдарды куттуктады. Өлкө башчы Садыр Жапаров Японияда болгон мамлекеттик иш сапарына байланыштуу майрамга катыша алган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















