super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Токиодогу "Борбордук Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышты

 

Бүгүн, 20-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Токио шаарында өткөн "Борбордук Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү саммит Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга болгон жалпы умтулууну билдирерин баса белгилеген.

"Бул диалог түзүлгөндөн бери Борбор Азия экономиканын бардык тармактарында туруктуу экономикалык өсүштү жана өнүгүүнү көрсөткөн өзүн-өзү камсыз кылган аймакка айланды. Оң динамиканын шартында биздин өз ара аракеттенүүбүздүн натыйжалуу жана узак мөөнөттүү форматтарын түзүү өзгөчө мааниге ээ болууда”, - деген Жапаров.

Ал Кыргызстан Япониянын биргелешкен ишти үч негизги багытка – экологиялык жана туруктуулук, коммуникациялар, адам ресурстарын өнүктүрүүгө багыттоо боюнча сунушун колдой турганын ырастаган. Президент тоолуу өлкө катары Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү негизги көйгөйлөр экенин белгилеген.

Буга байланыштуу Жапаров Япониянын катышуусу менен эрте эскертүүнүн аймактык системасын түзүүнү жана табигый коркунучтарды болжолдоо боюнча маалымат алмашууну өнүктүрүүнү сунуштаган. Ал ошондой эле япондордун "жашыл" технологияларын трансферлөөгө жана экологиялык долбоорлорду каржылоонун жаңы механизмдерине кызыкдар экенин билдирген.

Президент БУУнун 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы демилгесин эске салып, өнөктөштөрдү Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: