Садыр Жапаров япон инвесторлорун Асман шаарынын курулушуна катышууга чакырды
Бүгүн, 20-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Токио шаарында өткөн "Борбордук Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Анда Садыр Жапаров Япония менен кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилөө менен япон тараптын Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалап, инвесторлорду Асман экологиялык таза шаар долбооруна катышууга чакырган.
Ошондой эле ал айрыкча Япония менен маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргызстандын жогорку технологиялар паркы биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, алдыңкы япон технологияларын трансферлөө, инженердик жана IT-кадрларын даярдоо үчүн аянтча болорун белгилеген.
Президент өз сөзүндө Япония менен кызматташуунун негизги артыкчылыктарынын бири адам ресурстарын өнүктүрүү экенин да өзгөчө белгилеп өткөн. Ал JDS программасынын жыйынтыктарын жогору баалап, анын бүтүрүүчүлөрү көп жылдар бою өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп келишкенин ырастап, Япониянын алдыңкы университеттеринде, биринчи кезекте маалыматтык технологиялар жана инженерия багыттары боюнча билим берүү квоталарын кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















