Президент япониялык өнөктөштөрдү "Ала-Тоо Резорт" базасын өнүктүрүүгө катышууга чакырды
Бүгүн, 20-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Токио шаарында өткөн "Борбордук Азия – Япония" диалогунун биринчи саммитине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, Жапаров туризм тармагындагы кызматташтык Кыргызстан менен Япониянын элдерин жакындаштыруучу маанилүү фактор экенин билдирген. Ал өлкөнүн соода жолдорунун жана цивилизациялардын кесилишинде калыптанган бай тарыхый-маданий мурасы, ошондой эле буддисттик маданияттын сакталып калган элементтери Япониялык туристтер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратарын айткан.
Буга байланыштуу мамлекет башчысы маданий көп түрдүүлүктү сактоо жана адистештирилген музей комплексин түзүү боюнча өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирген.
Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстан жыл бою туристтик сезонду түзүү максатында туристтик инфраструктураны ырааттуу өнүктүрүп жатканын баса белгилеп, "Ала-Тоо Резорт" ири тоо лыжа базасынын долбоору ишке ашырылып жатканын айтып, япониялык өнөктөштөрдү анын өнүктүрүүгө катышууга чакырган.
Мындан ташкары өлкө башчы япониялык инвесторлорду Асман экологиялык таза шаар долбооруна катышууга да чакырган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















