Кара-Суудагы 2 жарандын мушташы боюнча териштирүү жүрүүдө
Кара-Суу шаарындагы 35 жаштагы киши менен 21 жаштагы жигиттин жаңжалы боюнча териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.Маалыматка ылайык, окуя 2 күн мурун, тагыраагы, 18-декабр Туратали базарынын унаа токтотуучу жайында болгон. Анда 2 жаран орун талашып, мушташып кетишкен. 35 жаштагы киши ооруканага кайрылган. Окуя боюнча эки тарап тең милицияга арыз жазышкан.
Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда 2 жаранга тең тийиштүү экспертизалар дайындалган жана күбөлөр суралып, окуяга тиешеси бар далил буюмдар алынып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.
Облустук милиция текшерүүнүн жыйынтыгы жана экспертизанын корутундусу боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынарын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















