Кыргызстан менен Япония кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюшту
Бүгүн, 20-декабрда өлкө башчы Садыр Жапаров Японияга болгон расмий сапарынын алкагында "Борбордук Азия + Япония" диалогунун бизнес-форумунун жыйынтыгы боюнча эки тараптуу документтерди жарыялоо аземине катышты.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, форумга Борбор Азия өлкөлөрү менен Япониядан келген 300гө жакын бизнес өкүлдөрү катышкан. Кыргызстан менен Япониянын мамлекеттик органдарынын жана бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө документтердин тизмеси:
- Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (ДЖЕТРО) менен биргеликте Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун потенциалын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы;
- Энергетика министрлиги менен "MurooSystems Corporation" компаниясынын ортосундагы 2024-жылдын 30-августундагы инвестициялык макулдашууга ылайык, Чоң-Кемин дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө жол картасы;
- Саламаттыкты сактоо министрлиги менен улуттук ооруканалардын ортосунда Япониянын "Китахара" үлгүсүндөгү шашылыш жана интенсивдүү жардам көрсөтүүчү алдыңкы борборлорду пландаштыруу жана түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз-япон ишкердик кеңеши менен Япония-Кыргызстан экономикалык алмашуу ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Агартуу министрлиги менен Sprix корпорациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Агартуу министрлиги менен "Fujifilm SystemServiceCo, Ltd" жана "Digital Knowledge Inc" компанияларынын ортосундагы меморандум;
- Агартуу министрлиги менен "GAKKEN HOLDINGS Co, Ltd" компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен кыргыз-япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) ортосундагы өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум;
- Туризм департаменти менен Япониянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын (JATA) ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКсы менен "MurooSystems Corporation" компаниясынын ортосундагы электр энергиясын сатып алуу келишими;
- Кыргыз улуттук университетинин Агробизнес борбору менен Agritree Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Японияда чыгарылган техникалык тейлөө шаймандарын Кыргызстанга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча Eight Tool Co., Ltd компаниясы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- "Плюс" КФ менен Japan Tobacco Inc компаниясынын ортосундагы "Тең мүмкүнчүлүктөр" социалдык борборунун кызматташтыгы жөнүндө меморандум;
- Кыргыз-япон адам ресурстарын өнүктүрүү борбору (KRJC) менен "кыргыз-япон мектеп-комплекси" КБ ЖЧК ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандум (MoU);
- Кыргыз-япон санариптик университетин (K – JDU) түзүү жана башкаруу боюнча үч тараптуу кызматташтык жөнүндө меморандум;
- Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен Маизуру шаарынын ортосундагы жаштардын спорттук алмашуусу боюнча ниеттер жөнүндө документ;
- Балыкчы шаарынын мэриясы менен Маизуру шаарынын мэриясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө ниет кат;
- Consulting Division of Hirayama Corporation менен "Моушн Групп" ААКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:10
2025-12-20
9:50
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















