Бельгиянын музейинен Наполеондун шакеги уурдалды
Бельгиянын Генап шаарындагы музейден француз императору Наполеонго таандык алмаз шакек уурдалганын чет элдик басылмалар жазышты.
Уурулук 17-декабрдан 18-декабрга караган түнү болгон. Алар музейдин терезесин сындырып киришкен. Ошондой эле Наполеон дооруна таандык алтын жана күмүш тыйындар да уурдалган.
Императордун акыркы резиденциясы, учурдагы музей Валлон Брабант провинциясында жайгашкан. Ал үн чыгаруучу тутум менен корголгон, Бирок полиция келгенде уурулар жок болуп чыккан. Прокуратура уурулук фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:14
2025-12-19
10:35
2025-12-19
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















