Жол эрежелерин көзөмөлдөгөн камералардан бюджетке 25 миллион сомдон ашык каражат түштү
Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун камсыздоо үчүн орнотулган видеокөзөмөлдөр жыл башынан бери 29 миңден ашык укук бузууларды каттаганын билдирди.
Министрлик мындан улам мамлекеттик бюджетке 25 миллион сомдон ашык каражат түшкөнүн белгилейт.
"Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагындагы Чүй облусунда Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунда 14 жаңы комплекс ишке киргизилген. Мындан тышкары Ысык-Көл облусунда алдыңкы санарип технологиялар менен жабдылган 5 заманбап экологиялык мунара орнотулган. Видеокөзөмөл системалары күнү-түнү иштейт жана эл аралык коопсуздук стандарттарынын талаптарына жооп берет.
Камералар 40 чакырымга чейинки радиустагы аймакты көзөмөлдөөнү камсыздайт. Ал эми тепловизордук сенсорлор 7 чакырымга чейинки аралыкта жылуулук объектилерин каттайт жана 5 чакырым аралыкта адамдардын жүздөрүн таанууга мүмкүндүк берет", - деп атыйлат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















